Алмазбек Атамбаев: "23 жыл ичинде кыргыз эли өтө татаал жолду басып өттү"

Бүгүн, 31-августта Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрам өтүүдө.

Салтанаттуу иш-чарада КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө: "Урматтуу мекендештер!

Мамлекетибиз өз алдынча туу көтөрүп, өз жолун издеп келе жатканына 23 жыл болду. Кыргызстан эгемендүүлүк жылдар аралыгында өтө татаал жолду басып өттү. 23 жылда далай сыноолорду баштан кечирдик. Кагылып-согулуп, оош-кыйыштардан өттүк. Элибиз кыйналды, кысталды, бирок сынган жок. Чайпалды, бирок төгүлгөн жок. Кыйынчылыктарга туруштук берип, бүгүн биз чыйралдык, жетилдик. Көп нерсеге көзүбүз ачылды: жакшыны – жакшы, жаманды – жаман, акты – ак, караны – кара деп атап, ажыратканга үйрөндүк.

Элибиз калыссыздыкка, адилетсиздикке эч качан баш ийбестигин, эркиндик, эгемендик үчүн жанын аябастыгына дүйнө жүзү күбө болду. 2002-жылдын 17-мартында, 2005-жылдын 24-мартында, 2010-жылдын 7-апрелинде адилеттик үчүн, келечектүү мамлекет үчүн карапайым мекендештерибиз өлүм бетинде тикесинен тик турду",- деди.

Кыргыз Республикасы 23 жашка толду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан