Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңеште КРнын жаңы акыйкатчысы шайланат. Акыйкатчылык кызматка 16 талапкер ат салышууда. Алардын арасында ЖКнын депутаттары Эльмира Иманалиева, Турсунбай Бакир уулу, БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев, экс-юстиция министри Марат Кайыпов жана учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бар. Айта кетсек, мыйзамга ылайык иштеп жаткан акыйкатчынын мөөнөтү аякташына бир ай калганда жаңы шайлоо болот. Бүгүнкү шайланган акыйкатчы 14-февралдан тартып ишине киришет.