Бишкекте Эгемендүүлүк майрамына 5 миңден ашуун жаран катышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 31-августта Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгы белгиленди. 
Иш-чарага КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов, өкмөт жана парламент өкүлдөрү катышты. Алардан тышкары чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери, ардагерлер, ардактуу коноктор да майрамдык концертке күбө болушту.
Салтанат жаштардын аткаруусунда түрк, кыргыз жана чет элдин бийлери менен башталды. Андан соң шаардын башчысы К.Кулматов кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, сахнага өлкө башчы А.Атамбаевди чакырды.
Президент кыргыз жана орус тилинде мекендештерге куттуктоолорду арнап, өлкөнүн 23 жылдык тарыхындагы негизги окуяларды эскертти. Ал өз сөзүндө энергетика тармагындагы көйгөйлүү маселелерге токтолуп, "2014-жылдын 1-октябрынан тарта өлкөнүн түндүк аймагында газ 1,5 эсе арзандайт" деп баса белгиледи.
Айта кетсек, салтанаттуу иш-чарага 5 миңден ашуун адам келди. Анын расмий бөлүгү саат 10:00дө башталып, 11:50дө аяктады. Андан соң концерттик бөлүгү башталганда айрымдар аянтта калып күбө болууну улантса, башкалар сейил бактарга кетишти.
Кыргыз Республикасы 23 жашка толду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nuri-Alina
2014-08-31 14:00:27
майрамыныздар менен кыргыз элим
+3
sultanov.a.tegirmenti
2014-08-31 15:31:25
Майрамыныздар менен Чын журоктон куттуктайм, Кыргыз элим
0
Aibek8992
2014-08-31 19:49:29
Жалпыга майрамдык маанай каалайм!
0
demo009
2014-08-31 20:27:55
маймамыныздар конулду улансын
0
taalay89
2014-08-31 21:00:49
Азаттык кут болсун айкөл элим
0
guljigit88
2014-08-31 21:33:32
Кыргыз элим! Майрамыныздар менен. Аябай сагындым Мекенимди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан