Бүгүн, 31-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы (мурунку "Спартак") стадиондо ырчы
Расул Маматкуловдун кызы Айгеримдин "Кыз узатуу" той-концерти өтүп жатат. Ырчы-бийчи коштогон концертте актрисалар Гүлмира Турсунбаева менен Айнура Турганбаева (Сакиш) жеңелердин ролун аткарышса,
алып баруучулукту
Айбек Асанбеков менен Манас Алыкулов аркалашууда. Стадиондун ортосуна тигилген боз үйдөн жеңелер ырчыларды
чакырып, коноктор ырдап жатышат.
Эл алдына Райхан Абдувалиева баш болгон ырчылар чыгармаларын тартуулашты. Алардын катарында Расул Маматкуловдун ырларын казак тилине
которуп ырдап келген ырчы Бахытжан Муханов да ыр белек сунду.