Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 70 миллион сомго тартылган “Курманжан датка” тасмасынын бет ачары болду

Бүгүн, 31-августта Бишкекте “Курманжан датка” тарыхый тасмасынын бет ачары болду. Аземге КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият жана искусство өкүлдөрү, тасманын жаратуучулары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Үч жылдык эмгекти талап кылган бул тарыхый тасма 2 сааттан ашык убакытка созулду. Анын бюджети 70 миллион сомду түзгөн. Режиссёру - Садык Шер-Нияз. Курманжан датканын ролун Назира Мамбетова жана Элина Абай кызы, Алымбек датканын образын актёр Азиз Мурадиллаев ачып берди.

"Кыргыз элинин келечеги үчүн өмүрүн арнаган инсандын образын элге жеткирүүгө кезек келди. Анын кайраттуулугу жаштарды мекенди сүйүүгө үндөйт",- дейт Эльвира Сариева.

"Курманжан датка" тасмасы жарыкка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ganibal87
2014-08-31 19:09:05
Азаматсынар режиссер дагын да кыргыздын тарыхын билдирген кинолорду коп коп таркыла датканын образын жараткан кызга да рахмат абдан жакшы ойногон Москвага качан койосунар
+2
boztalaa
2014-08-31 19:36:52
Жакшы тартылыптыр Азаматсынар!!! 5
0
edu.kg
2014-08-31 19:56:55
Жакшы ..... Кыргыз маданиятын которгон кинолор кобойо берсин ... Кубанычтабыз..
+1
future_kg
2014-08-31 20:32:01
Азаматтар! Соз жок баа бергенге! Тарыхты китептен гана окуучу элек, эми экрандан да корот экенбизда!
+1
belka
2014-09-01 00:55:01
Өллө көргүм келип жатат да ушул кинону...
+2
suiutbekov1989
2014-09-01 01:13:42
Эки уч жылда интернеттке чыгып калса керек эээ буйруса москвага да койуп кеткилечи сураныч
-1
Akmoor44
2014-09-01 09:17:46
Oto kubanyp turam, Tushtuk Koreaga ka4an kelet boldu eken , 4ydamsyzdyk m/n kutobuz Tushtuk Koreadagy kyrgyzdar !!!
+1
Хан
2014-09-01 09:43:31
Аябай сонун тартылган экен, козумо жаш алып жан дуйном эзилип кордум. Купулума толду. Рахмат жаратуучуларга чыгарчылык ийгиликтерди каалайм.
+1
ayakosya
2014-09-01 10:20:41
Премьерасын биринчи бизде кылсанар болот эле
0
myshka406
2014-09-01 10:59:59
сапаты жакшы, бирок аябай кыска алыныптыр,убакытын кобуроок кылса болмок(тарыхтын баарын болбосо да)
АНТСЕ ДА КУБАНЫЧТАБЫЗ,АЗАМАТСЫНАР КЫРГЫЗ ЭЛИМ!!
+1
Zulin
2014-09-01 12:20:21
Ачык созум учун кечирим сурайм бирок Элина датканын мунозун толуе чагылдыра албай,назик аткарып коюптур,Кыргызстанда жаш,таланттуу актрисалар толтура болчу.бир нерсе жетишпегендей таасир калтырды Элинанын аткарганы.мен пны сыйоайм,таланттуу кыз бирок ,анын озу Бул ролго дал келип ачып бере албаптыр,корсонор билесинер...
-1
o.aza
2014-09-01 13:17:04
качан каерден корсок болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан