Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин баштайт. Эки айлык каникулдан келишкен депутаттар парламенттин жыйындар залынан жолугушуп, алдыдагы он айлык ишке киришмекчи. Депутаттардын алдында Кыргызстандын Бажы биримдигине байланышкан документтерди талкуулоо, Судьяларды тандоо кеңешинин жаңы курамын бекитүү, бир катар депутаттык комиссиялардын иш жыйынтыгын угуу өңдүү маанилүү маселелер турат.
Айта кетсек, парламент өткөн сессиясында 176 мыйзам долбоорун кабыл алып, анын 137исине президент тарабынан кол коюлуп, күчүнө кирди.