Ысык-Ата районунун Туюк капчыгайында өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 30-август күнү Туюк капчыгайында куураган чөп өрттөнө баштаган. Аны өчүрүү иштерине өрт куткаруу бөлүмүнөн 12 адам, токой чарбасынан 3 адам тартылган. Тилсиз жоонун кесепетинен 800 гектар куураган чөп жана бадалдар күйүп кеткен. Өрттү өчүрүү иштери бүгүн да уланат.