Украиналык качкындарды кабыл алуу жана жайгаштыруу программасынын алкагында Орусиянын Федералдык миграция кызматына 573,4 миллион рубль бөлүнөт. Бул каражатка качкындарды кийим, тамак-аш, жатакана, аймактарга жетүүгө билет менен камсыздоо жагы каралган. Муну 1-сентябрда орусиялык маалымат булактары жарыялашты. Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, Украинанын чыгышындагы чатактан кийин Орусиянын аймагына 820 миң украиналык жаран өткөн. Мунун ичинен 130 миң жаран баш калка жана качкын статусун берүү өтүнүчү менен Орусия бийлигине кайрылган.