Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо жолдоду.
Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:
“Урматтуу Ислам Абдуганиевич, Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.
Кыргыз-өзбек мамилелери мындан ары да Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана коңшулаштыкты бекемдөөгө, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттерибиздеги элдердин кызыкчылыгына жооп берген бардык маселелерди иш жүзүндө чечүүгө багытталат деп ишенем.
Урматтуу Ислам Абдуганиевич, Сизге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын боордош элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм".