Кечээ, 31-август күнү Токмок – Кошой унаа жолунун 11-чакырымында 3 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, 5 адам "Тез жардам" тарабынан райондук ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-сентябрда билдирди.
Каза болгондор:
Фольксваген Венто унаасынын айдоочусу Жаңыл Шейшеналиева;
Фольксваген Гольф 3 унаасынын айдоочусу М.Беткулов;
Фольксваген Гольф 3 унаасынын жүргүнчүсү (аты-жөнү тактала элек).
Жабыркагандар:
Азат Нуржанов;
Нуржан Сыдыкова;
Алик Абдылдаев;
Света Бугубаева;
Кенжебүбү Шакеева;
Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу жабыркаган эмес.