Өлкө башчы Чүйдүн Маданият айылындагы мектептин ачылышына катышат

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-сентябрда Чүй облусунун Маданият айылындагы Байдылда Маленов атындагы мектептин ачылышына катышат. 150 окуучуга ылайыкталган мектеп ушул жылдын 25-августунда ишке даяр болгон. Маалыматка таянсак, курулуштун жалпы баасы 63 миллион сомду түзүп, бүгүнкү күнгө карата анын 45 миллион 23 миң сому каржыланган. Мектептин эски имараты 1937-жылы курулгандыктан, авариялык абалга келип калганы айтылды. 2011-жылдын октябрь айында президент аталган айылга иш сапары менен барып, жаңы мектеп курууга көмөктөшөрүн билдирген эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан