22-январда Ысык-Көл районунда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кошмо жыйыны болуп өттү. Жыйынга райондогу жергиликтүү кеңештин 182 депутатынын 147си катышты. Анда кошмо жыйындын президиумунун төрагасы шайланды. Жыйынга өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов, өкмөттүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана этника аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Зарылбек Шарипов катышты.