Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, Тоң районунда кампанын 12 чарчы метр чатыры күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылдын 31-августунда саат 08:30дан 1-сентябрда саат 08:30га чейин республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 8, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3, Ош облусунда 2, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында кампанын 12 чарчы метр чатыры, үй оокаттары, 3 муздаткыч, 1 боз үй күйгөн. Өрт кырсыгынын келип чыгышына электр шаймандарын колдонууда эрежелердин бузулушу себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан