Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлгө Нарын шаарынын 28 жаштагы тургуну чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 31-август күнү саат 13:20 чамасында 1986-жылы туулган Бактыгүл Токтогулова көлгө чөгүп кеткен. Окуядан көп өтпөй саат 14:20 чамасында куткаруучулар тарабынан аталган жарандын жансыз табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.