Бишкектеги М.В.Фрунзенин үй-музейинен экспонаттарды уурдап кеткен адам изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 30-августта аталган музейдин 3-кабатынан белгисиз адам музейдин кызматкерин себепсиз эле уруп жиберген. Мунун айынан кызматкер эсин жоготуп калган. Мындан пайдаланып, кылмышкер “Кызыл Армиянын желеги”, “Кызыл Армиянын 6-бригадасынын 46-полкуна салам”, “Бардык өлкөлөрдүн пролетарийлери бириккиле” аталышындагы тууларды алып, экинчи кабаттагы айнектердин бирин сындырып из жашырып кеткен.
Учурда кылмышка шектүүнүн фотороботу түзүлүп, ал издөөгө алынууда. Милиция эгер кимдир бирөө аталган кылмышка шектүүнү же уурдалган тууларды көргөн болсо, аталган телефондор аркылуу маалымдап коюуну жарандардан өтүнөт: 102, (0312) 56-87-17, 0555 18-44-57