Кыргызстанда АКШ долларын алмаштыруу курсунун кескин секирик жасашына Улуттук банктын күнөөсү жок. Муну бүгүн, 1-сентябрда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. "Эгер Улуттук банк өз учурунда чара көрбөгөндө кырдаал азыркыдан бир топ начар болмок. Улуттук банк ар дайым ички валюталык рыноктун жана тышкы каржылык рыноктун абалына байкоо салып турат. Валюта курсунун кескин өзгөрүшүн жөнгө салуу үчүн биз тийиштүү операцияларды жасайбыз",- деп билдирди Абдыгулов.
Айта кетсек, 2014-жылдын апрель айында өлкөдө доллардын курсу кескин жогорулап, муну Улуттук банк Украинадагы окуялардын фонунда Орусиянын тышкы саясаттагы абалынын начарлашы, Казакстанда теңгенин девальвация болушу жана башка факторлор менен байланыштырган.