Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Майкл Хагинс менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев маалымдады.
Жолугушууда бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде аткарылуучу иштер талкууланды. Сооронбай Жээнбеков БУУнун өкүлүнө Ош облусундагы жакыр үй-бүлөлөргө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле бир топ өкмөттүк эмес уюмдардын долбоорлору айрым айылдарга гана пландалып жатканын айтып, бул жаатта кеңешип иш алып барууга даяр экенин кошумчалады Жээнбеков.