“We’ll be” бий тобу: "Кийинки жылы бий боюнча Дүйнө биринчилигинде баш байгени багынтабыз"

“We’ll be” бий тобу бүгүн, 1-сентябрда SUPER.KG порталына кийинки жылы бий боюнча Дүйнө биринчилигинде баш байгени багынтарын билдиришти.

Белгилүү болгондой, Америка Кошмо Штатынын Лас-Вегас шаарында 5-10-августка чейин өткөрүлгөн бий боюнча Дүйнө биринчилигинде кыргызстандык “We’ll be” бий тобу катышкан. Жарым финалга 78 команданын ичинен 38 команда тандалып, алардын катарын “We’ll be” тобу толуктаган. Бирок финалга 8 команда озуп чыгып, аталган топ өтпөй калган.

“Мелдеш жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Күчтүү командалардын катарын толуктап жарым финалга өттүк. Тилекке каршы, финалга алардын форматын түшүнбөй калганыбыздан өтпөй калдык. Борбор Азиянын тарыхында биринчилерден болуп Кыргызстанды көрсөтүп, байрагын желбиретип келгенибиз биздин мамлекетибизге кошкон салымыбыз болуш керек. Дасыккан бий чеберлеринен мастер-класс алып, тажрыйба топтодук. Келерки жылы Сан-Диегодо өткөрүлгөн мелдешке катышууга жолдомо берилгендиктен, көрүп-билгенибизди колдонуп, жеңишке жетишип кайтабыз деген максатты алдыга койдук”,- дейт аталган команданын бийчиси Максат Токтоналиев.

Топтун бийчилери Дастан Тилек уулу, Максат Токтоналиев, Эрмек Керимбаев, Рустам Мараткулов, Гүлчоро Сыдыков, Нишаналы Кубаталы уулу жана Кубанычбек Желтиров 2-август күнү Москва шаарына, андан соң АКШга сапар тартышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
harry.
2014-09-01 17:40:48
молодцы жигиттер
-2
kama_future_millioner
2014-09-01 17:54:39
Азаматсынар
-2
kamarik
2014-09-01 20:57:11
эмдиги жылы албай калсанар уят болосунар.Алла насип кылса,десенер.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан