31-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгына арналган салтанатка катышып, сөз сүйлөдү. Өлкө башчы эгемендүү Кыргызстандын тарыхы, элдин ынтымагы, азыркы саясий кырдаал, мекенчилдик тууралуу кенен сөз кылды.
Мамлекет жетекчиси майрамдык салтанатта буларды айтты:
“Урматтуу мекендештер!
Агайын-туугандар!
Бүгүнкү майрамдын коноктору, чет элдик меймандар!
Баарыңыздарды мамлекетибиздин эң башкы майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!
Кудай сиздерге чың ден соолук, узун өмүр берсин, көп жашагыла, бактылуу болгула!
Жараткан жерибиздин, элибиздин жолун ачып, бак-береке берсин!
Урматтуу мекендештер!
Майрам күнү болсо да, сиздер менен кээ бир жүрөк ооруткан ойлор менен бөлүшкөнгө уруксат этиңиздер.
Мамлекетибиз өз алдынча туу көтөрүп, өз жолун издеп келе жатканына 23 жыл болду. Кыргызстан эгемендүүлүк жылдар аралыгында өтө татаал жолду басып өттү. 23 жылда далай сыноолорду баштан кечирдик.
Кагылып-согулуп, оош-кыйыштардан өттүк. Элибиз кыйналды, кысталды, бирок сынган жок. Чайпалды, бирок төгүлгөн жок. Кыйынчылыктарга туруштук берип, бүгүн биз чыйралдык, жетилдик. Көп нерсеге көзүбүз ачылды: жакшыны жакшы, жаманды жаман, акты ак, караны кара деп атап, ажыратканга үйрөндүк.
Элибиз калыссыздыкка, адилетсиздикке эч качан баш ийбестигин, эркиндик, эгемендик үчүн жанын аябастыгына дүйнө жүзү күбө болду. 2002-жылдын 17-мартында, 2005-жылдын 24-мартында, 2010-жылдын 7-апрелинде адилеттик үчүн, келечектүү мамлекет үчүн карапайым мекендештерибиз өлүм бетинде тикесинен тик турду.
Урматтуу мекендештер!
Кылымдарды карыткан кыргыз эли нечен тар жол, тайгак кечүүдөн өткөн. Ынтымакты туу тутуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганда ар дайым ийгиликке жетишкен. Айкөл Манас атабыз “Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө. Бөлүнсөң бөрү жеп кетет. "Бөлүнүптүр кыргыз" деп, бөлөк элге кеп кетет” деп ынтымакка, биримдикке дайыма чакырган.
Бүгүн "Кыргызстан бөлүнсүн, жок болсун" дегендер аз эмес. Мына быйыл да коңшулар газды өчүрүп, элибизди сынап жатат. Ага өзгөчө өзүбүздүн айрым сасык саясатчылар сүйүнүп жатышат, чыр салганга жакшы шылтоо табылды деп. Ички жана тышкы душмандар Кыргызстан бөлүнүп, жок болсун деп тилеп отурушат. Кыргызстандын өзүбүздөн башка эч кимге кереги жок. Ичибизден ыркырашып, бири-бирибизди күнөөлөп, бөлүнсөк, душмандардын отуна май куйган болобуз. Биримдиктүү, ынтымактуу эл боло албасак, эгемендүүлүктү да сактай албайбыз.
Ачык айтканда, тышкы душмандарга караганда ички душмандар, көзкамандар, элди бөлүп-жарган сасык саясатчылар биздин мамлекет үчүн кыйла коркунучтуу. Ошондуктан “өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” деп элибиз айтат. Ошондуктан тышкы күчтөр да үмүтүн ошолорго артып, каржылап жатат.
Билесиздер, бир топ эл ынтымагын жоготуп, аны менен кошо алардын өлкөлөрү бөлүнүп, кыйраганы жатат. Мисал катары Ирак, Ливия, Сирия, Суданды айтсак болот. Бир тууган Украинада да эмне болуп жатканын көрүп жатабыз.
Кыргыз эли – Жараткан сүйгөн эл. Кудай бизге укмуштай кооз жер берген. Эгемендүүлүктү тартуулаган. Дүйнөдө көптөгөн элдер өз жерине, мамлекетине жете албай кылымдап күрөшүп, запкы көрүп, жанын берип, эңсеп келсе, бизге эгемендүүлүк мурас катары ыйгарылды. Ошол Жараткандын тартуусун барктап, баалайлы.
Колдогу алтындын баркын билели, сактайлы. Сырткы жана ички душмандарга катуу туруштук берели, так-кесе жообубузду айтып, мамлекет үчүн керек болсо каны-жаныбызды аябайлы.
Буттан чалып, бөлүп, тизелеткиси келген душман көзүнө ары ынтымактуу, ары бирдиктүү, ары күчтүү бололу. Манас атабыздын насаатын унутпайлы. "Улуу эл, уңгулуу улут" деген наамга татыктуу бололу. Башка улут өкүлдөрүн боорубузга тартып, элге эл, башка баш кошконду үйрөнөлү. Бирдиктүү Кыргызстан элинин өзөгү кыргыздар болуп, бардык улуттарды бириктирүүгө милдеттүү. Ошондо гана күчтүү, пейили кенен, өнүккөн мамлекетке айланабыз.
Урматтуу мекендештер!
Биз байыркы элбиз. Орто Азиянын эң байыркы элибиз. Биз миңдеген жылдарды камтыган тарыхыбызда эч качан эч кимге биринчи кол салган эмеспиз жана салбайбыз. Бизге тынчтык, ынтымак керек. Бирок биз үчүн ар дайым намыс өмүрдөн артык болчу. Бизге тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык!
Урматтуу мекендештер!
Кудайдан коркуп, өз курсагыбызды, өз кызыкчылыгыбызды эле ойлобой, мамлекетти ойлосок. Мамлекет али жаш, алсыз. Мамлекетке жардам берип, мамлекеттүүлүктү бекемдеш керек.
Бизде айрым айылдын же айрым бир бай адамдын кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө коюлуп жатат. Эптеп чыр чыгарып, кан төгүлүп кетсин деп тилеп, элди бөлүп, бийликке жетсек дегендер бар. Кайран элибиз да аларга алданып, кээ бирде ээрчип кетип жатат. Биз минтип отурсак, мамлекетти сактагандын ордуна талкалайбыз да!
Депутаттар да популизмге алдырып, айрым учурларда мамлекеттин келечегинин ордуна келе жаткан шайлоону ойлоп, өкмөткө, сотко туура эмес басым жасап жатышат. Сот менен өкмөт да "парламент бизди кызматка бекитпей коёт" деп депутаттардан жалтактап коркуп отурат. Өкмөт, сот бузукуларга тийиштүү чара көрбөсө, өлкөдө тартипти ким орнотот? Баш аламандык токтобосо, мыйзамды сыйлабасак, тартип жок болсо, кантип мамлекет күчтүү болот? Тартип болбосо, мамлекет талкаланат!
Мына, иштеп жаткан, бюджетке миллиарддарды төлөгөн “Кумтөрдү” токтотуш керек дегендер бар. Бир топ башка ишканалар да чыр-чатактын айынан толук кандуу иштей албай жатат. Ошол эле убакта пенсия, пособие, маяна доолап, жол, мектеп, керек деп талап кылып жатабыз. Мунун бардыгы үчүн каражат асмандан түшөбү? Президент кайырчыдай болуп, акча издеп өлкөлөрдү кыдырып жүрөт. Бул туура эмес!
Генштабдын башчысы ачык эле айтпадыбы: 23 жылдын ичинде мамлекет армияга жок дегенде бир тапанча алып берген жок. Уят! Мындай кейипти кийгенибиз уят! Иштеш керек! Иштеп, каражат таап, өзүбүздүн армиябызды бакпасак, бирөөнүн армиясын багып калабыз.
Урматтуу мекендештерим!
Албетте, бардыгыбыз Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айлантсак деп тилейбиз. Бирок бул үчүн биз, ар бирибиз жапа тырмак аракет кылышыбыз керек. Ар бир кыргызстандык Ата Мекенинин гүлдөп-өнүгүшү үчүн ак эмгек, маңдай тери менен салым кошууга тийиш. Ар бир инсан, ар бир көчө, ар бир айыл, ар бир шаар өз салымын кошкондо Кыргызстан күчтүү мамлекет болот.
Мамлекет сен үчүн эмне кылганын сурабай, "Мамлекетибизге эмне кылдым, эмне жардам бере алам?" деп сурайлы. “Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт” деп элибиз, жерибиз үчүн күйсөк. Өлкөбүзгө жамандык тилеп, кыйынчылыкка сүйүнбөсөк, кээ бир саясатчыларга окшоп. Урууну ойлобой улутту ойлосок. Коктуну ойлобой коомду ойлосок. Элди, мамлекетти ойлосок. Ошондо биз бирдикте эң күчтүү, өнүккөн мамлекет курабыз.
Мен буга толук бойдон ишенем. Келечекте Борбордук Азиянын эң күчтүү, эң өнүккөн мамлекети, Кудай буюрса, Кыргызстан болот. Биз жолубузду билебиз, биздин таянганыбыз чындык менен эл.
Ардактуу мекендештерим!
Сөзүмдүн аягында сиздерди дагы бир жолу мамлекетибиздин эң башкы майрамы менен куттуктайм! Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!
Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгилик каалайм! Бийлик адилеттүү, таза, элибиз ынтымактуу, ыймандуу болсун! Мамлекетибиз гүлдөп-өнүгүп, Кудай элибизге, жерибизге береке берсин!
Жашасын эгемендүү Кыргызстан!”