Кыргызстандан Казакстанга ылаачындын балапандарын алып өтүп бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 1-сентябрда кабарлашты. Маалыматтарга караганда, 29-августта чек арачылар Кыргызстандан Казакстанга ылаачын кушунун 3 балапанын алып өтүүгө аракет кылган казак жаранын кармашкан. Тиешелүү документтер толтурулуп, аталган жаран укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.