Бүгүн, 1-сентябрда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтуна иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу аталган штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө ал окуу жайдын бардык курсанттары, офицерлери жана окутуучуларына ийгилик каалап, жаңы окуу жылы менен куттуктады. Андан соң А.Алымкожоев институттун жетекчилиги менен окуу жайдын имаратынын жана окуу бөлүмдөрүнүн абалы менен таанышып чыкты.