Бишкек шаарындагы №12-мектеп-гимназиясынын 4 кабаттуу имаратынын дубалына белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун “Советтик Кыргызстандын кызы” аттуу эмгегин заманбап стилде тартышты. 12 метрге жеткен заманбап сүрөттүн үстүндө бишкектик Сергей Киллер, Евгений Макшаков жана Дмитрий Петровский өңдүү стрит-арт сүрөтчүлөрү бир жума иштешкен.
Орус peaлисттик сүрөт өнөрүнүн алдынкы салттарына таянып кыргыз элинин турмушун, башкача айтканда, карапайымдардын образын биринчи планга коюп, чыгармаларында турмуш көрүнүштөрүн көлөмдүү көркөм формалар аркылуу сүрөттөгөн Чуйковдун бул эмгеги түп нускасынан айырмаланат. Анда кыргыз кызына китептин ордуна планшет карматып, кулагына кулакчын (наушник) тагып, жайык талаанын ордуна жаштар кезигүү дайындаган “Кыргызтелекомду” тартышкан.
Бул сүрөт коомчулукта талкууга алынып, кээ бири "азыркы заман талабына ылайык тартылган" деп сүрөтчүлөрдүн позициясын колдошсо, кээ бири "түп нускасын калтырса, белгилүү сүрөтчүнүн ушундай эмгеги бар экенин таанып жүрүшмөк" дешсе, айрымдары Семён Чуйковду тааныбаганын айтышып, сүрөткө маани беришкен жок.