Тайырбек Сарпашев: "Өз биометрикалык маалыматтарын берген жарандардын саны миң адамдан ашты"

Өткөн аптада өлкө боюнча биометрикалык маалыматтарды чогултуу процесси башталган. Өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары да биометрикалык маалыматтарды тапшырышты.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев“Өз биометрикалык маалыматтарын берген жарандардын саны миң адамдан ашты. Келерки жумадан тарта биометрикалык жабдуулар республиканын бардык облустук жана райондук борборлорунда жайгаштырылат. Биометрикалык маалыматтары менен Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү Кыргызстандын эгемендүүлүгүн чыңдоого карата чоң салым болуп эсептелет",- деди. Бул тууралуу 1-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан