Сокулук районунда Баткен облусунун тургуну 3 килограмм героин менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен бүгүн, 1-сентябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда райондо баңгизат саткан адамдын пайда болгону айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын натыйжасында Баткен облусунун 46 жаштагы К.Хусан аттуу тургуну кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан 3 килограмм баңгизат алынган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.