Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну бир катар уурулук фактыларына шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жаран Аламүдүн районунун аймагындагы катталган 6 уурулук фактысына шектелүүдө. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, көрсөтмө берип жатат.
Кылмышка шектүү турак үйлөргө кирип колуна тийген баалуу буюмдарды уурдап кетчү.