Бишкекте саат 22:00дөн кийин көчөдө жүргөн өспүрүмдөр милицияга алынып барылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен бүгүн, 1-сентябрда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, Бишкек ШИИББинин башчысы милиция кызматкерлерине борбор калаанын өспүрүмдөрү менен иштешүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген. Ошондой эле интернет-клубдарда, көчөдө жүргөн өспүрүмдөр саат 22:00дөн өткөндөн кийин кармалып, милицияга алынып барылат.