Орусиялык депутат Владимир Жириновский Орусия Казакстанды басып алышы керек деп эсептейт. Муну депутат орусиялык ММКлардын бириндеги маегинде билдирген. Мындай пикирин Жириновский Казакстанда Орусияга каршы маанай калыптанып жатканы менен байланыштырды. "Казакстандагы жаңы окуу китептеринде жалаң Орусияга каршы маанай. Казакстан менен Орусия согушпаганына, тескерисинче, жардамга келгенине карабай... Болбосо казактарды жунгарлар талкалап салмак. Орус армиясы жунгарларды Кытайга кууп салган, мына азыр ошол жерде отурушат. Казак улустары орус падышасынын бутуна жыгылып, жардам сураган. Падыша армия жиберип, Түндүк Казакстанды бошоткон",- дейт Жириновский.
Депутат Казакстанда орусча аталыштагы шаарлар көп экенин кошумчалап, Семиречье, Усть-Каменогорск, Артемьевск, Семипалатинскти мисал келтирет. Орусиялык маалымат булактары президент Владимир Путиндин "Нурсултан Назарбаев мурда эч кандай мамлекет болбогон аймакка мамлекет курду" деп айтканын да жарыялашты.