Кечээ, 31-август күнү Сокулук районунун Шопоков шаарында жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-сентябрда билдирди.
Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта баратып жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу жабыркаган.
Ошондой эле айрым күбөлөрдүн айтымында, айдоочу мас абалында болгон.