Каракол шаарындагы №2028-аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда болгон окуя иликтенүүдө. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 1-сентябрда билдирди.
Буга чейин маалымат булактарында Каракол шаарындагы №2028-аскер бөлүгүнүн кызматкери, капитан Мирбек Айсарахунов келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы Айбек уулу Уланды сабап салганы айтылган. Буга жоокердин Мирбек Айсарахуновго шире сатып алып келбей койгону себеп болгон.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 1-сентябрда аталган кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулган. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге чаралар көрүлөт.