Концертте ырчылар Роза Шакирова, Айнура Салахидинова жана Азиза апаларына тизе бүгүп таазим кылышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчылар Роза ШакироваАйнура Салахидинова жана Азиза “Эски достор” аттуу концертин тартуулашты. Саат 18:00гө белгиленген концерт 18:25 болгондо көшөгөсүн ачты. Көрүүчүлөр концерттик залдын 100 пайызын ээлешти. Алып баруучулук милдетти актёрлор Аскат Сулайманов жана Камчы Сарыбаев аркалашты. Мукам үндүү ырчылар оболото обон созушуп, көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзышты. Үч курбу бул концертте ыр сунуп гана тим болбостон, алтындай апакелерине тизе бүгүп таазим кылышты. Концертке кадырлуу конок катары чакырылган КРнын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков чыгармаларын тартуулап, ырчыларга ийгилик каалады. Ал эми “Дем” театрынын мырзалары “Кудалар”, “Көзү ачыктар” өңдүү комедияларын аткарып залды күлкүгө бөлөштү.

“Концертти жараткан ийгилигибизди элге көрсөтүү максатында уюштурдук. Ошондой эле бул концерт достугубуздун бекемделишинен кабар берет. Бизди сахна табыштырды. Башка курбуларыбыз бар. Бирок үчөөбүз өзгөчө жакынбыз. Концерт жөнүндө айтсам, баары жакшы болду. Бирок кемчиликсиз өттү дегенден алысмын. Биздин ар бир чыгуубузду бийчилер коштоп турушмак. Алар ортодо тойго барып келгенче жоопкерчиликтин жоктугунан биздин концерт бүтүп калды”,- дейт Роза Шакирова.

“Биз “Жоокер жылдыз” долбооруна катышып, ошол жактан таанышып, бара-бара өтө жакын достордон болдук. Мамилебиз сахна менен эле чектелбестен, үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Ал эми жазылган ырларыбыз радиолордон кетип, клиптерден гана көрсөтүлүп кала бербесин деп бүгүн күйөрмандарыбызга сахна алдында тартууладык”,- дейт Азиза.

Айнура Салахидинова буларды кошумчалады: “Быйыл дос болуп жүргөнүбүзгө 10 жыл болуптур. Анын урматына концерт коюуну чечтик. Алгач түштүк жергесинен баштадык. Бизди табыштырган тагдырга ыраазымын. Турмушта өйдө-төмөн болгондо мына ушул эки курбум алгачкылардан болуп колдон-буттан алып кетишет”.

Эски достордун чыгармачылык кечеси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
akisha777
2014-09-02 00:12:17
Азаматсынар достугунар узулбосун эч качан.жаман коздон жаман создон алыс кылсын Аллахым ийгилик сиздерге)))!!!!!!!
+5
pakiistanka
2014-09-02 00:28:05
Roza apasin jasap alip kelbeybi...baykuw apa uy saap jatkan jerinen ele kele bergen go...
-1
aitowa11
2014-09-02 01:07:09
pakiistanka, бул Роза эженин огой апасы (((
-4
furkat80
2014-09-02 09:14:27
aitowa11, озуно окшошго анан
0
hanisa
2014-09-04 09:15:27
aitowa11, ogoi apasy bolgon uchun ushintip kiinip keldibi
0
furkat80
2014-09-02 09:15:12
pakiistanka, кадамжайда аялдар ошоентип кийинишет
-2
Alicia
2014-09-02 13:08:17
pakiistanka, apasy ele kaldy ele sen syndabagan
+2
emin
2014-09-02 13:44:52
pakiistanka, Сырткы кел бети эмес ички жан дуйносу сулуу болсо болдуда
+2
Sagidko88
2014-09-02 15:55:57
pakiistanka, бир жакшына ыймандуу аял экен апасы, кеп чупурокто эмес
0
Jypargul
2014-09-02 17:02:22
pakiistanka, Ар кимдин апасы өзүнө , ай көрүнөт көзүнө ! ! !
+1
Moldur
2014-09-02 02:06:33
Bul 3 apchem kattu ketti bir nerse ele bolup ketpese boldu antkeni bat ele isik bolup ketishkende bir balee bolchu ele ...Roza ejenin unu sonun da anan ekoonun unu uktap kalasyn
-2
meerim8793
2014-09-02 07:13:04
Moldur, бат эмес 10 жыл болуптур достошкондоруна, 10 жыл деген убакыт оюнчук эмесда.
+4
bossmos7
2014-09-02 02:27:06
Кызык оттуптур!
0
daniyar.kg92
2014-09-02 04:41:24
Азаматсыздар Айнура жеңе өзгөчө
0
meerim8793
2014-09-02 07:12:14
Сонун болуптур, формалары жакты аябай.
0
furkat80
2014-09-02 09:16:37
видеосун качан коробуз. Супер Инфооо
0
admin_portal
2014-09-02 10:05:36
furkat80, Саламатсызбы!
Жакын арада "Супер ТВ" бөлүмүнөн көрө аласыз.
0
Asanovna1805
2014-09-02 09:17:13
Койноктору жактыыы))))
+1
bai.kymbat
2014-09-02 11:01:07
3 тен кичине арыкташ керек экен)))
+1
Lintel
2014-09-02 11:13:17
bai.kymbat, койай жакшынакай эле бомпошкалар экен.
0
jasi
2014-09-02 15:57:41
Достугунуздарга коз тийбесин!
0
chinara.1967
2014-09-02 17:21:19
Мен сиздердин жааматка ыраазычылыгымды билдирем.Дайыма жанылыктарды оз убагында жарыя кылып турганынар жагат. Ишинерге ийгилик!Уч достун концертинде эми соз жок Видеосун чыдамсыздык менен кутом.
+1
sabyr86
2014-09-02 17:50:29
Алга эжелерим Алга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан