Ысык-Ата районундагы өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 30-августта башталган өрт дале өчө элек. Анын кесепетинен 800 гектар куураган чөп, бадалдар күйүп кетти. Буга чейин жалпы 120 адам өрт өчүрүү иштерине тартылган. Бүгүн да 40 куткаруучу тилсиз жоону өчүрүүгө жөнөп кетишти.