Таш-Көмүр шаарында жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты

Таш-Көмүр шаарында жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 2-сентябрь күнү саат 02:15 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 465-чакырымында ВАЗ 2107 унаасы менен Фольксваген үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 1 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuru95kg
2014-09-02 10:36:24
каза болгон адам кайсыл машинада эле Ваз 2107 жана VW машинасындабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан