"Нарын дарыясына чөгүп кетти" делген эки бир тууган изделүүдө

"Нарын дарыясына чөгүп кетти" делген эки бир тууган изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 1-сентябрь күнү саат 18:45 чамасында Таш-Көмүр шаарынын тургундары: 2000-жылы туулган Айжамал Садирова жана 2003-жылы туулган Амантур Садиров Нарын дарыясына түшүп, чөгүп кеткен деген божомол маалымат түшкөн. Издөө иштерине издөө-куткаруу отрядынан 5 куткаруучу тартылган, бирок жыйынтык болгон эмес. Издөө иштери бүгүн да улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida2013
2014-09-02 11:21:10
ай шордуулар.......табылып калсын кандай болгон кундо да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан