Жогорку Кеңеште акыйкатчылык кызматка ат салышып жаткан талапкерлер өз программасын кыскача тааныштырууда

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңеште акыйкатчылык кызматка ат салышып жаткан талапкерлер өз программасын кыскача тааныштырууда. Талапкерлер эмне үчүн бул кызматка ат салышып жатканын түшүндүрүп, Кыргызстандагы укук коргоо багытындагы көйгөйлөр, аны чечүүнү жолдору, эл аралык кызматташтык багытындагы ойлорун айтышууда. Учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун шайланып калса, буга чейинки жасалган иштерди уланта турганын айтса, дагы бир талапкер, ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулу туңгуч акыйкатчы катары 5 жыл иштегенин айтып, ишти алып кетүүгө тажрыйбасы жетиштүү экенине токтолду. Ал эми экс-юстиция министри Марат Кайыпов "бул ыйык трибунага чыкпаганыма 5 жыл болуп калыптыр, бир аз толкунданып турам, туура түшүнүңүздөр" деп сөзүн баштады. Ал акыйкатчы институтунун эч кандай кырызы болбошу керектигин айтты. Ошондой эле чет элдик жаранга турмушка чыгып, кайра ажырашып кетип ара жолдо калган кыздардын тагдырын айтып, бул маселенин орчундуулугун белгиледи. Ал учурда Түндүк Кореянын борбору Сеул шаарында ушундай тагдырга туш болгон 500дөй кыргыз кызы кыйналып жүргөнүн айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан