Өзбекстан тарап Ош облусунун Кара-Суу районунун элине 11 күн дегенде ичүүчү сууну берди. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов билдирди.
Анын айтымында, 1-сентябрь күнү Өзбекстан тарап 8 куб ичүүчү суу берген.
"Кечээ күнү Өзбекстан тарап суу берүүнү баштаган. Учурда дагы деле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан ары токтотуп же көбөйтүп берүү сүйлөшүүдөн кийин чечилет",- деди.
Эскерте кетсек, 20-августтан тарта Өзбекстан тарап эскертүүсүз сууну токтотуп койгон.