Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кичи залында 22-январда «Кыргызстан - менин таланттарым» аттуу республикалык теледолбоордун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага аталган долбоордун катышуучулары, алардын ата-энелери, өкүлчүлүктүн жетекчилиги катышты. Эскерте кетсек, «Кыргызстан - менин таланттарым» долбоорунда ысык-көлдүк 4 катышуучу, вокал, фольклор, гимнастика жана хореография боюнча баш байгеге ээ болушкан. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова уюштуруучуларды жана жеңүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктап, өкүлчүлүк тарабынан мындан ары дагы колдоо уланарын белгиледи. Жеңүүчүлөргө төш белги тасмалары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, аталган долбоорго облустук өкүлчүлүк 120 миң сом бөлүп берген.