Парламенттин басма сөз кызматы бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңешти 2016-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Анда булар айтылат:
Жогорку Кеңешти 2016-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясына ылайык, “Электрондук документ жүгүртүү”, “Электрондук китепкана”, “Электрондук турникет”, “Видеоконференция”, “Электрондук архив” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын ишин жакшыртуу, модернизациялоо иштери жүргүзүлдү.
Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу Жогорку Кеңештин өз ишин уюштуруунун сапаттык жаңы деңгээлине өтүүсүнө, ошондой эле мыйзам чыгарууда, өзүнүн контролдук жана өкүлчүлүк функцияларын ишке ашыруу процессинде жаңы мамилелерди жана аспаптарды пайдаланууга өбөлгө болору шексиз.
“Электрондук документ жүгүртүү” долбоору
Электрондук иш өндүрүшүн киргизүү финансылык жана материалдык сарптоолорду минималдаштыруу, ошондой эле адам ресурстарын оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Мында документтерди аткаруунун үстүндө көзөмөлдү шексиз күчөтөт. Ушуга окшогон техникалык жаңычылдык Жогорку Кеңештин ишинин бүдөмүксүздүгүн, ачыктыгын жана оперативдүүлүгүн жогорулатууга да өбөлгө болот.
Жүргүзүлгөн иштин натыйжасында Жогорку Кеңештин аппараты 2014-жылдан тартып документтерди электрондук вариантта жүргүзүүгө өттү.
“Электрондук китепкана” долбоору
Жогорку Кеңештин китепканасы мыйзам чыгаруу органынын маанилүү маалыматтык ресурсу болуп саналуу менен Жогорку Кеңештин депутаттарына жана кызматкерлерине мыйзамдарды иштеп чыгуу, чечимдерди кабыл алуу үчүн жана мыйзам чыгаруу ишин коштоо боюнча зарыл маалыматтарды алууга жардам берет.
Ушуга байланыштуу китепкананын ишин модернизациялоо боюнча иш жүргүзүлдү, ал Жогорку Кеңештин ишин маалыматтык ресурстар менен сапаттуу жана оперативдүү камсыз кылат. Заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган жаңы китепкана жана окуу залы эксплуатациялоого киргизилди. Ошону менен бирге китепканалык фондду санариптик форматка өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Кийин 4000ден ашык китептердин жана журналдардын, 2000 авторефераттардын жана ведомосттордун маалыматтарынын электрондук базасын түзүү менен жалпы жонунан электрондук форматка которуу пландаштырылууда.
“Электрондук архив” долбоору
Электрондук архивди киргизүү документтерди жана башка тексттик булактарды ыкчам издөө мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле архивдик документтерди талаптагыдай сактоону камсыз кылат. Ушул милдетти ишке ашыруу максатында бүгүнкү күндө “Мыйзамдар”, “Токтомдор”, “Чечимдер жана корутундулар”, “Протоколдор”, “Тескемелер”, “Стенограммалар”, “Өздүк делолор” электрондук базаларын жарыш түзүү менен архивдик фондду санариптик форматка өткөрүү жүзөгө ашырылууда. Кийин электрондук базаны түзүү менен 2205тен ашык архивдик папкаларды жана 4800 өздүк делолорду электрондук форматка өткөрүү пландаштырылууда. Ушуну менен катар архивдик документтерди сактоо үчүн заманбап талаптарга ылайык жаңы жай эксплуатациялоого киргизилди.
“Электрондук турникет” долбоору
Бул долбоор Жогорку Кеңештин депутаттарынын, кызматкерлеринин жана келүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ишинин шарттарын камсыз кылуу максатында, ошондой эле адам ресурстарын башкаруунун заманбап тутумун киргизүү алкагында Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин эмгек тартибин чыңдоо үчүн иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары боюнча Жетүү башкаруусун көзөмөлдөөнүн заманбап тутуму иштеп жатат. Жогорку Кеңештин имаратына кирүү электрондук өткөрмө боюнча гана жүзөгө ашырылууда.
“Видеоконференция” долбоору
“Видеоконференция” долбоорунун негизги максаты Жогорку Кеңештин ишинин өкүлчүлүктүү жана көзөмөл функцияларын жүзөгө ашырууда ыкчамдуулукту өркүндөтүү, убакытты жана финансылык каражаттарды жоготууларды минималдаштыруу болуп саналат.
Ушул максатта Жогорку Кеңеште видеоконференц-байланыш тутуму жабдылган. Тутум республиканын ичинде, ошондой эле чет мамлекеттердин парламенттерине чыгуу менен тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү. Бул тутум чет мамлекеттердин парламенттери менен Жогорку Кеңештин комитеттеринин фракцияларынын жана комитеттеринин жыйналыштарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык региондору менен аралыктан жетүү режиминде видеоконференцияларды толук өлчөмдө өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Басма сөз конференциялар залы жана журналисттер үчүн басма сөз бөлмөсү
Парламенттин иши жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында басма сөз борбору ачылган, анда депутаттар басма сөз конференцияларын өткөрүшөт, иш сапарлары жөнүндө ар түрдүү билдирүүлөр жана отчёттор менен чыгышат.
Жогорку Кеңештин ишин кыйла ыкчам жана сапаттуу чагылдыруу үчүн корреспонденттерге бардык зарыл шарттар түзүлгөн, атап айтканда, зарыл техникалык жабдуулар менен жабдылган жаңы басма сөз бөлмөсү эксплуатациялоого киргизилди.
Жогорку Кеңештин телерадио студиясы
Телестудия 2011-жылы ачылган. Мында жума сайын “Парламент” деген 40 мүнөттүк эки телекөрсөтүү даярдалат, ал мамлекеттик телеканалдардан апта сайын көрсөтүлөт. Күн сайын, ишембиден жана жекшембиден тышкары, жумасына беш жолу саат 9.00дөн 17.00гө чейин “Парламент” радиосу эфирге чыгат. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын күнүндө жыйналыштар залынан түз көрсөтүүлөр жүргүзүлөт. Жамааттын чыгармачылык иши үчүн шарттарды түзүү максатында өзүнүн иштөөсү үчүн кыйла ыңгайлаштырылган жаңы заманбап жабдууларды жайгаштыруу менен Жогорку Кеңештин телестудиясын жана радиостудиясын кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.