Алмазбек Атамбаев президент Чыонг Тан Шангды Вьетнамдын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Вьетнамдын президенти Чыонг Тан Шангга Вьетнам Социалисттик Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 69 жылдыгына карата куттуктоо жолдоду. Мамлекет башчы Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы достук мамилелер мындан ары да эки мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн өнүгүп, бекемделишине ишенимин билдирди.

Алмазбек Атамбаев Чыонг Тан Шангга бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми вьетнам элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан