Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, ырчылар Гүлзада Рыскулова, Омар, Мирбек Атабеков Москва шаарында мекендештерди куттуктап концерт беришти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бүгүн, 2-сентябрда билдирди. Маалым болгондой, иш-чараны “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмеси, “Санат-Ордо” маданият комплекси жана аталган элчилик уюштурган.
Мындан тышкары бир катар чыгармачыл кечелер уюштурулуп, ага КРнын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер Раимжан Курбанов жана акын Алтыбек Исмаилов катышты. Курбанов белгилүү кыргыз адабиятчыларынын ырларын окуду. Кеченин жүрүшүндө ар кайсы мамлекетте жашап жаткан мекендештерибиздин арасында улуттук маданиятты өнүктүрүүдөгү жана кыргыз тилин сактоодогу көйгөйлөр талкууланды.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов: “Мекенге болгон сүйүү өзүнүн элинин тарыхын сыйлагандан, анын келечеги үчүн дайыма кам көрүп, талыкпай эмгектенүүдөн башталат”,- деди.