Бишкек шаарында 1-сентябрь - Билим күнүнө карата өткөн иш-чараларга 113 428 окуучу катышты. Мунун 13 600ү 1-класска кадам таштаган жеткинчектер. Мэриянын маалыматы боюнча, окуучулардын жогорудагыдай саны өткөн жылкыдан 300 окуучуга аз. Айта кетсек, шаардагы майрамдык салтанаттарга вице-премьер-министр Эльвира Сариева, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, шаар мэри Кубанычбек Кулматов, министрликтин өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катышышты.