Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаевден Рапопорт аллеясынан дарактарды кыюу ишин тезинен токтотууну талап кылды. Аллеядан дарактардын массалык түрдө кыйылышы боюнча түшүндүрмө берилмекчи. Сариева аталган аллея туристтерди кызыктырган негизги жайлардын бири экенин, бүтүндөй Ысык-Көл облусунун байлыгы экенин баса белгиледи. "Бир топ курорттук шаарлар 80-жылкы уникалдуу аллеялары менен мактанат. Дарактарды массалык кыюу боюнча аймактык деңгээлде чыккан чечим негиздүү болууга тийиш",- деди вице-премьер.
Эскерте кетсек, буга чейин активист Атай Садыбакасов аталган аллеяда дарактар кыйылып, ордуна Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата унаа токтотмо курулуп жатканын айтып чыккан. Атай мырза интернет баракчасы аркылуу өзүнө коркутуу болуп жатканын, бул аллея маселесине байланышы болушу мүмкүн экенин да жарыя кылган эле.