Бүгүн, 2-сентябрда Ак үйдүн алдына шаардагы мыйзамсыз курулуштарга нааразы болгон жарандар митингге чыгышты. Алар жалпы колдонуу үчүн бөлүнгөн жерлерге мыйзамсыз курулуштар түшүп жатканын, бул маселеге соттор да кайдыгер карап жатканын айтышууда. Чогулгандардын алдына депутаттар Асия Сасыкбаева менен Галина Скрипкина чыгып, алардын даттануусун угушту.