Жайыл районунда 1-сентябрь күнү эртең мененки саат 08:00 чамасында 64 жаштагы айдоочу 1-класстын окуучусун сүзүп кетти. Айдоочу Бишкек-Чалдыбар унаа жолу менен бара жатып жол жээгинде турган баланы сүзгөн. Алган жаракатынан бала ооруканага жеткирилген. Айдоочу кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 2-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле 31-август күнү 1983-жылы туулган айдоочу Мазда-626 үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып алдыдагы Тойота Ярис унаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Тойотанын жүргүнчүсү жаракат алган. Мас абалында унаага отурган жаранга карата протокол түзүлүп, унаа айып төлөөчү жайга жеткирилди. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.