Кечээ, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ишин баштады. Жыйын адаттагыдай мамлекеттик гимн менен ачылып, депутаттар колун көкүрөккө алып саналуу мүнөттөргө орундарынан турушту. Бул жолу залда эки депутат жанындагылардан өзгөчөлөндү.
Исмаил Исаков гимнди колун көкүрөккө койбой укса,
Нарынбек Молдобаев колун көкүрөккө эмес, курсакка коюп турду. Молдобаев муну менен биздин
бир жыл мурунку ушул темадагы кабарыбызды эске салды.
Анда да гимн ырдалып жатканда колун курсакка коюп турган чиновниктердин катарында Молдобаев бар болчу. Молдобаевдин сессия ачылышындагы былтыркы жана быйылкы сүрөтүндө эч кандай айырма жоктугун төмөнкү сүрөттөр тастыктайт. Демек, аталган депутат гимн аткарууда колду көкүрөккө алууга дагы эле маани бере элек.