Алиясбек Алымкулов жогорку квалификациядагы адистердин миграциясынын алдын алуу чаралары көрүлгөнүн айтты

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов доктор Норберт Клоппенбург баш болгон германиялык делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу 2-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар жаштар саясатындагы суроо-талапты көбөйтүү, жумуш менен камсыз кылуу жаатындагы кырдаал, миграция жана жаштар үчүн жумуш орундарын түзүү маселелерин талкууга алышты. 

Ошондой эле министр жогорку квалификациядагы адистердин миграциясынын алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө айтты. Мындан сырткары Кыргызстандын Бажы биримдигине киргенден кийинки кызматташуу да каралды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан