Бүгүн, 2-сентябрда саат 13:30 чамасында Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиздик сейсмикалык борбору билдирди.
Маалым болгондой, зилзаланын очогу Ош шаарынан түштүк-батыш тарапта карай 21 чакырым алыстыкта орун алган. Жер титирөө 60 чакырым тереңдикте болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар болгон эмес.