Бароззу: "Путин "кааласам Киевди 2 аптада басып алам" деп коркутту"

Орусия президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Еврокомиссиянын башчысы Жозе Мануэль Бароззунун Путиндин дарегине айткан айыптоолорун четке какты. Мурдараак батыш ММКлары Владимир Путин "Киевди 2 аптада басып алам" деп коркутканы тууралуу маалымат жарыялашкан. Жозе Мануэль Бароззу телефондо сүйлөшүү учурунда Орусия лидеринен Украинага аскердик жактан кийлигишип жатканы боюнча сураганда Путин "эгер мен кааласам Киевди 2 аптада басып ала алам" деп жооп бергенин айткан. 
Ушаков президент минтип айтпаганын, бул цитата контексттен "жулунуп алынганын" жана жыйынтыгында башка маанини билдирип калганын баса белгилейт. "Бул дипломатиянын чегинен чыгып кетет. Мындай нерсе олуттуу саясатчы үчүн татыксыз",- дейт ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан