Бишкек шаарында 2-сентябрдан 7-сентябрга чейин Түрк дүйнөсүнүн инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча VI курултайы өтөт. Курултайдын темасы - “Материк ашкан долбоорлор”. Иш-чара президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өтмөкчү. Түрк дүйнөсүндө ыңгайлуу, кооз жана мартабалуу шаарларды курууну максат кылган курултайда инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча орток түрк стандарттары тууралуу кеңештин жыйыны өтөт. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 50 жылдыгына татыктуу даярдануу максатында “Бишкек шаарынын генералдык планынын 100 жылдан кийинки реабилитация долбоору” деп аталган эл аралык сынак жарыяланат. Мындан сырткары курултайдын алкагында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине зыярат кылуу, Осмон империясынын оркестри "Мехтер" маршынын концерти, "Мехтеран" концерти менен салттуу темир усталардын парады, “Ататүрк” сейил багынын реставрациядан кийинки ачылыш салтанаты, түрк дүйнөсүнүн жергиликтүү башкаруу жана шаар куруу көргөзмөлөрү, маданият жана искусство көргөзмөлөрү, "ТҮРКСОЙдун" Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган концерти, ат оюндары жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.