Лейлек райондук айыл чарба департаментинин башчысы Абдикерим Абдалимовдун маалыматтарына таянсак, быйыл район боюнча 13 миң 100 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери себилет. "Февраль айынын аягынан баштап райондун кээ бир аймактарында жазгы талаа иштери башталат. Дарактарды бутоо, арыктарды тазалоо иштерине байланыштуу айыл чарба жумуштарын кечиктирбөө максатында райондо атайын штаб түзүлдү",- дейт Абдалимов.
Анын айтымында, быйыл Арка айылына суу тартуучу насостук көмөк чордондор жылдагыга караганда бир ай эрте оңдоло баштады. Айыл чарба министрлигинин көмөгү менен керектүү тетиктер алынып келинген. 8-мартка чейин аталган айылга суу берилет.