КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев “Алтын шаты” президенттик академиясы жаңы окуу жылынын башталышына уюштурган иш-чарага катышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда аталган министрликтен билдиришти.
Иш-чарада жогорку класстын окуучулары даярдаган майрамдык концерт тартууланды. Алар кыргыз, орус, англис жан француз тилдеринде ырдап беришти. Комузчулар ансамбли өнөрлөрүн көрсөтүп, классикалык музыка жаңырды.
Майрамдык концертти ачып жатып министр Кудайберген Базарбаев: “Силердин жашооңордун, келечегиңердин жаркын, туруктуу болушуна, көп тилди билүүгө жана улуттар аралык достукту бекемдөөгө болгон аракетин жумшап жаткан өкмөттүн атынан жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм”,- деди өз сөзүндө.
Аталган академиянын президенти Полина Цокуренко окуу жай 22 жылдан бери таланттуу жаштарга билим берип келерин белгиледи. “Биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Орусияда, АКШда, Европада жашап-иштешет. Алар ар кандай кесиптердин ээлери болушту. Алардын бири Казакстандын алтын үнү болду. Ошондой эле таанылган физиктер, дипломаттар бар”,- дейт Полина Цокуренко.